Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2025-жылдын 10-декабры № 1
Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө
Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго
1) “Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектебине инвентарь алуу” ;
2) “Кызыл-Жылдыз айылындагы Күчүк участогуна балдар ойноочу аянтча жана
парк курууга”;
3) “ Чаек айылынын Ш.Айылчиев көчөсүнө балдар ойноочу айятча куруу” долбоорлору сунушталсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун өздүк салымы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |