Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-декабры № 1123-т
1. 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер, мындан ары мүчө мамлекеттер деп аталып,
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин 11-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
“б” пунктчасындагы “мүчө мамлекеттин аймагында” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмунда “з” – “к” пунктчалары менен толукталсын: “
з) Бирликтин бажы аймагына тиешелүү мүчө мамлекеттин
мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксаттын негизинде конкреттүү бейтаптын өмүрүнүн көрсөткүчтөрү боюнча медициналык жардам көрсөтүү үчүн ташып келинген;
и) Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгуу үчүн мүчө мамлекеттин аймагында өндүрүлгөн жана мүчө мамлекеттердин аймактарында сатууга арналбаган;
к) жалпы таңгакча менен бириктирилген (алардын керектөө таңгактары сакталган шартта) жана мүчө мамлекеттин аймагында катталган, медициналык буюмдардын жана дары препараттардын (ирээттеме, топтом, комплекттер жана дары кутучалары) жыйындысын түзгөн, ушул мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык комплекттелген жана анын аймагында жүгүртүү үчүн гана арналган.”.
2-берене
Бул Протокол депозитарий дипломатиялык каналдар боюнча бул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды мүчө мамлекеттер аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
шаарында “ ” 202__жылы орус тилинде бир түп нускада түзүлгөн.