Редакцияот 17.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы

2025-жылдын 17-январы № 39

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага

берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнунда №1997-III токтому менен бекитилген, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчысы Ф.Р.Абидованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин.

·         Жер комиссиясынын курамы - Шамуза Сулейман Харсанович;

·         Жер комиссиянын катчысы - Абидова Фарида Рахмановна;

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

Алыбеков Бакыт Жумгалбекович – Мин – Булак а/өкмөтүнүн башчысы;

Асанов Тагай Талайбекович – а\кеңештин депутаты;

Сатаров Тимур Кашкаевич – а\кеңештин депутаты;

Арбуду Шамиль Керимович– а\кеңештин депутаты;

Муваза Сульмане Хусеевич – а\кеңештин депутаты;

Аматов Равшан Болтонович – а/өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;

Гольман Сергей Львович – коомдук өкүл;

Агрардык башкармалыктын өкүлү макулдашуу боюнча.

 

2.  Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана анын иш Регламентин бекитүү жөнүндө” №14 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин агрардык жер маселелери, сугатт суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Асадова А.К.