Редакцияот 13.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы

2024-жылдын 13-сентябры  №24/3

 

Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дѳбѳ айылындагы курулган 5 га “Ынтымак” паркына Кулманбетов Сатинбай Окановичтин наамын ыйгаруу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дѳбѳ айылындагы 1986-жылы тѳрѳлгѳн жигиттердин демилгеси менен курулган күн батыш тарабында жайгашкан 5 га “Ынтымак” паркына Кулманбетов Сатинбай Окановичтин наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.

     3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Шералы уулу Уланбек