Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы

2024-жылдын 13-сентябры  №24/8

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында айыл чарба багытында эмес жер салыгынын,  1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыктарынын Кз-зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө.

 

           Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында айыл чарба багытында эмес жер салыгынын,  1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыктарынын  Кз-зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө Ала-Буга айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси Бакасова Назгүлдун билдирүүсун угуп жана талкуулап.

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. 2024-жылдын 1-октябрынан баштап Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын

  Кз-зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмдө бекитилсин.

 

2. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

5. Токтом 2024-жылдын  1-октябрынан баштап күчүнө кирсин.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын

Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына тапшырылсын.

Төрага

Шералы уулу Уланбек