Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-ноябры № 30
Айдаркен шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №29-токтомуна ɵзгɵртүү киргизүү жөнүндө
Айдаркен шаардык мэриясынын сатып алуулар боюнча адиси Ч.Тагаевдин “Шаардын аймагындагы жалпы муниципалдык менчикте турган жарнама тактайчаларына ишкерлер тарабынан жарнамаларды илүү тарифин бекитүү жѳнүндѳгү” баяндамасын кайрадан угуп, талкуулап, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №29-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Айдаркен шаарынын аймагындагы жалпы муниципалдык менчикте турган тактайчаларга жарнамаларды илүү акысы бир айга бир квадрат метрине 1000 (миң) сомдон кем эмес болуп мыйзам чегинде бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
5. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А.Алтымышова |