Загрузка документа…
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-ноябры № 31
Айдаркен шаарынын Кыргызстан көчөсүнө тротуар орнотуу долбооруна ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси Н.Касымовдун “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталуучу Кыргызстан көчөсүнө тротуар орнотуу үчүн 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳгү” баяндамасын угуп, талкуулап, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2026-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталуучу “Айдаркен шаарынын Кыргызстан көчөсүнө тротуар орнотуу” долбооруна өздүк салым үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А.А.Алтымышова |