Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 14 сессиясы
2025-жылдын 17-октябры № 53
А.Масалиев айыл аймагындагы ички көчөлөрдү асфальтоо үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы Көн айылынын Токтосун кызы Айсулуу, Т.Исмаилов, Молдо Шарип, А.Ташматов, М.Боркошов көчөлөрүнөн тартып А.Ишматов көчөсүнө жалпы 2 км 800 метр асфалть төшөө үчүн айыл өкмөтүнөн 7000000 (жети миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |