Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 14-ноябры №91
Убактылуу комиссияга мүчөлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айылдык кеңешининде айтылган сунуштарды карап талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнун алдындагы муниципалдык базардан түшүүчү жыйымдарды текшерип чыгуу максатында айыл өкмөтүнүн алдында түзүлүп жаткан убактылуу комиссияга Самаркандек айылдык кеңеши тарабынан төмөнку депутаттар комиссиянын мүчөлүгүнө киргизилсин:
- Эгемова Гүлнара Саттаровна
- Дыйканов Абдыганы Муратбекович
- Джусупов Хабибилла Ашимбекович
- Маматов Алимбай Акматович
- Каримов Алмазбек Мамашарипович
2. Комиссия 4 (төрт) ирээт ишемби күндөрү чыгуу менен иштеп берүүсү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |