Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-ноябры № 33
Айдаркен шаарынын №7 “Айдаркен” жана №19 “Б.Садыков” атындагы жалпы билим берүү мектептерине пластика терезе жана пластика эшик орнотуу долбоорлоруна ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси Н.Касымовдун “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталуучу №7 “Айдаркен” жалпы билим берүү мектебине пластика эшик жана терезе орнотуу үчүн 350 000 (үч жүз элүү миң) сом жана №19 “Б.Садыков” жалпы билим берүү мектебине пластика терезе орнотуу үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳгү” баяндамасын угуп, талкуулап, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2026-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталуучу “№7 “Айдаркен” атындагы жалпы билим берүү мектебине пластика эшик жана пластика терезе орнотуу” долбооруна өздүк салым үчүн 350 000 (үч жүз элүү миң) сом жана “№19 “Б.Садыков” атындагы жалпы билим берүү мектебине пластика терезе орнотуу” долбооруна өздүк салым үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А.А.Алтымышова |