Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V!I чакырылышы)
2025-жылдын 17-ноябры № 1
Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгөмакулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТЕСКЕМЕ КЫЛАТ:
1. Курбаналы Сабыров көчөсүндө жайгашкан турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 80,0чарчы метр жер тилкесин максаттуу багытын авто унаа оңдоочу жай багытына;
2. Ж.Исаев көчөсүндөгү №8-03-04-1001-2516 идентификациялык кодунда жайгашкан 800,0чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода түйүнү багытына;
3. Чымкен айылынын Р.Темирбаев көчөсүндөгү №8-03-04-1003-0812 идентификациялык кодунда жайгашкан 800.0чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 242,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын соода түйүнү багытына;
4. Раззаков шаарынын Восточная көчөсүндөгү №8-03-04-1001-5440 идентификациялык кодунда жайгашкан 800,0чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын соода түйүнү багытына;
5. Раззаков шаарынын А.Ходжаматов көчөсүндөгү №8-03-04-1001-0380 идентификациялык кодунда жайгашкан 1900,0чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 500,0чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода түйүнү багытына;
6. Раззаков шаарынын А.Азизов көчөсүндөгү жеке менчик турак жай багытындагы 230,0чарчы метр жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын соода түйүнү багытына;
Төрага | С.А.Саматов |