Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V!I чакырылышы)
2025-жылдын 17-ноябры № 2
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо.
Раззаков шаарына караштууайыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
17-ноябрындагы №2 токтому менен жактырылган.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу маселелери боюнча
МААЛЫМАТ
-2025–жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин атуулдарга ижарага берилген жерлердин ижара акысы 1750000 сомду түзгөн болсо, 10 айында жалпысынан ижара акы 1387800 сом өндүрүлүп алынды. 10 айга план 1341,5миң сом, аткарылганы 1387,8 миң сом же 103 % га аткарылды. - Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 799,4 га, чөп чабынды жер аянты – 151,4 га, бак-дарактар- 85 га, жалпысынан 1200 га жер аянты ижарага берилген.
- Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгуу 10- апрелде аякталды. Бардыгы болуп 4001 га жазгы кылкандуу дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 2068 га буудай, анын ичинен 623 га сугат айдоо жер, 1445 га.кайрак айдоо жер; 1933 га - арпа,анын ичинен 249 га сугат айдоо жер, 1684 га кайрак айдоо жер эгилди.
Жалпы эгилген кылкандуу дан эгиндери :куздук -907 га, анын ичинен 200 га суулуу, жаздык эгилген кылкандуу дан жалпы 3067 га, анын ичинен 672 га суулуу, дандык жугору – 188 га суулуу айдоо, дан буурчак -34 га, май осумдуктору кун карама, масар-96 га кайрак айдоо, картошка – 137 га сугат айдоо, жашылча 146 га. Момо-жемиш-139 га., парга калдырылганы-372 га, пайдаланылбай калган аянт – 198 га. - эгин талааларында саранча (чегиртке) чыккан участкаларын дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бардыгы болуп 3600 га жер саранчага каршы дарылынды.
Раззаков шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 5-февралындагы №23- буйругунун негизинде 2025 – жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин эгүү, оруп – жыйноо, кесек тоют даярдоо компаниясын өткөрүү максатында штаб түзүлүп, ушул буйруктун негизинде трактор менен айдоо гектарына 3000 сом, дан сепкеч менен себүү – 1500 сом, чөп чапкыч менен оруу – 1500 сом, чабылган чөптү жыйноо – 1300 сом, чөп, саманды тангактоо даанасы – 20 сом, комбайн менен жыйноо – 3200 сом гектарына белгиленди. Буйрукта көрсөтүлгөн суммалар өз убагында көзөмөлгө алынып турулду.
Раззав шаарынын мэриясы боюнча 10912 тн кесек тоют даярдоо керек болсо, 9-ай ичинде 5920 тн даярдалды, анын ичинен чөп -3390 тн.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 52 даана айыл чарба техникалары бар.
Анын ичинен: комбайндар 10 даана, 6 комбайн жаны типтеги, 4 комбайн эски типтеги.
- Раззаков шаарынын мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча бөлүмүнө атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген ар бир арыздарга жана каттарга өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө.
Бироок үлүш жерлер боюнча чечилбеген маселелер көп.
Раззаков шаарынын айы чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин пайдаланышы боюнча 01.11.2025-жылга карата маалымат
№ | Жалпы аянт | Суулуу айдоо | Кайрак айдоо | Чоп чабынды | Алма бак | Ижара берилди бардыгы | Калган жер | Жалпы сумма | ||||||||
Ижара аянты (га) | Ижара берилди(га) | Бардыгы мин,сом | Ижара аянты (га) | Ижара берилди(га) | Бардыгы мин,сом | Ижара аянты (га) | Ижара берилди(га) | Бардыгы мин,сом | Ижара аянты (га) | Ижара берилди(га) | Бардыгы мин,сом | га | га | мин,сом | ||
1 | 1398 | 164 | 164 | 689.6 | 917 | 799,4 | 876,3 | 232 | 151,4 | 77.5 | 85 | 85 | 56,6 | 1200 | 198 | 1750,0 |