Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V!I чакырылышы)
2025-жылдын 17-ноябры № 3
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча.
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
17-ноябрындагы №3 токтому менен жактырылган.
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча “Лейлек -Тазалык” муниципалдык ишканасынын
МААЛЫМАТ
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 49 кызматкер бар анын ичинен 5 жооптуу кызматкер, 3 кассир-контролер, 6 айдоочу, 2 трактор айдоочусу, 11 жүктөөчү жумушчу, 2 багбан, 1 комендант, 14 дворник, 2 электрик, 2 күзөтчү , 1 техничка эмгектенет .
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы негизинен Раззаков шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагын, түнкү жарыктарды жана келишим түзгөн мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп тазалыкты камсыздайт. Бүгүнкү күндө 20 даана техникасы бар анын ичинен 10 жарактуу 7 оңдоого муктаж 3 жараксыз абалда, жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, шаардын көчөлөрүнө суу себүү жана гүлдөрдү арчаларды сугаруу, Раззаков шаар мэриясы тарабынан даярдап берген баннерлерди илүү, түнкү жарыктардын күйүүсүн камсыздоо жумуштарын аткарат. 2025-жылга абонент 13 070 (3267 жеке кожолук) менен келишим түзүлгөн мындан сырткары 29 мекеме уюмдар жана 186 коммерциялык түйүндөр менен келишим түзүп белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып күнүнө 4, 5 рейс кээ бир убакыта 6 рейс турмуш-тиричилик калдыктары алынууда . Ошондой эле 2025-жыл I-II-III-кварталга түшкөн кирешеси коммерциялык уюмдар 525 927 сом, мекеме ишканалардан 15 922 425 сом, кожолуктардан 1 986 452 сом түшкөн жалпысы болуп 18 434 804 сом атайын эсепке түшкөн акча каражаты, ал эми берилген эмгек маянасы 11 413 625 сом анын ичинен соц фонд 2 425 571 сом, киреше салыгы 717 631 сом, күйүчү майлоочу майларга 2 035930 сом “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы 10 ай ичинде 97 арыз кат катталган жана баарыга жооп берилген .
2025-жылдын I-II-III-квартал ичинде «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы төмөнкү жумуштарды аткарды :
Кыш мезгилинде Раззаков шаарынын ички жолдоруна кар көп жаап тайгак болгон убактарда жол коопсуздугун сактоо максатында өз убагында шлак жана туз материалдарын себип турулду. Январь, февраль айларында 19 тонна шлак , 2.090 тонна туз төмөнкү көчөлөргө себилди: Кошмуратова, Манас-Ата, И.Раззаков, Салам-Бава, Торокулбай Ата, А.Азизов, Равакана авто унаа жолуна, Курулуш, СССРдин 60 жылдык, Восточная, К.Кундузов, Тоголок-Молдо жана Э.Эгембердиев көчөлөрүнө себилип турду.“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан “Самат” эс алуучу багынан 31 рейс таштанды, Раззаков жазуудан бир жумада эки жолу таштанды алып чыгууда. Ал эми 10 ай ичинде чыгарылган каттуу таштандылар январь ичи 244 рейс, февраль 226рейс, март 257 рейс, апрель 282 рейс, май 276 рейс, июнь 272-рейс, июль 316 рейс, август 322 рейс, сентябрь 290 рейс октябрь 204 рейс жалпысы ТБО -2689 рейс (8067 тонна) таштанды чыгарылган. Ал эми суюук таштандылар январь 24 рейс, февраль 58 рейс, март 49 рейс, апрель 72 рейс, май 84 рейс , июнь 7 рейс, июль 21 рейс, август 26 рейс, сентябрь 29 рейс, октябрь 40 рейс жалпысы ЖБО-410 рейс ( 1 230 тонна). Ал эми МТЗ 82/1 экскаватор 1 435 саат , Газ-52 вышка 1 486 саат , Хова поливалка 856 рейс , FAW ассенизатор 88 рейс суу себүү, Булдозер (Shantui) 32 саат жумуш аткарган. Авто унааларга кеткен күйүүчү майлар Дт (салярка) 30 421 лт , Аи-92 (бензин) 6 222 лт күйүчү майлар сарпталган.