Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V!I чакырылышы)
2025-жылдын 17-ноябры № 5
Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбоорлорунун болжолдуу тизмесин бекитүү жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбоорлорунун болжолдуу тизмесин бекитүү жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Балдар ойноочу аянтчаларды куруу (Ак-Босого айылында жана Раззаков шаарынын Жаңы конуш-2 көчөсүндө” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 6602,576сом, суралуучу сумма 5000,0сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 1602,576сом.
2. “И.Раззаков көчөсүндө асфальтталган жолдун 280метр аралыгын жана тротуарларын оңдоо” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 9725,899 сом, суралуучу сумма 5000,0сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 4725,899 сом.
3. “Ж.Исаев көчөсүндө асфальтталган жолду жана тротуарларын одоо” Жалпы болжолдуу бюджети 10311,872сом, суралуучу сумма 5000,0сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 5311,872сом.
4. “Раззаков шаарынын Колхозная көчөсүндө жана ага туташкан 3 көчөдө (К.Кундузов, Дружба, Горький) 1297метр аралыктагы жолду оңдоо (асфальт төшөө)” Жалпы болжолдуу бюджети 9345,499сом, суралуучу сумма 5000,0сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 4345,499сом.
5. “Алтын-Бешик айылында балдар бакчасына баруучу 291метр аралыктагы жолду оңдоо (асфальт төшөө) жана инфратүзүмүн абаттоо” Жалпы болжолдуу бюджети 6096,793сом, суралуучу сумма 5000,0сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 1096,793сом.
Эскертүү иретинде тиешелүү мекемелерден макулдашуу, экспертизадан өткөрүү жана кайра эсептөөлөрдөн кийин долбоорлордун аталышы (формулировка) жана суммасы өзгөрүшү мүмкүн.
Төрага | С.А.Саматов |