Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 25-ноябры № 65
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджеттине өзгөртүү толуктоолорду киргизүү тууралуу.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Алтын-Бешик айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча бюджеттик комиссиянын кортундусуна ылайык Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы токтом кылат:
1 Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен Лизинг жолу менен алынган атайын техниканын (экскаватордун) төлөмүн төлөө үчүн «3111-имараттар жана курулуштар» беренесинин эсебинен 4000,0 миң сом акча каражаты «3314-ички насыялар» беренесине жылдырылып толукталсын.
2 Айылдардагы жарыктандыруулардын иштешин камсыз кылуу максатында материалдарды сатып алуу үчүн «2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренесинен 100,0 миң сом акча каражаты «2222-учурдагы чарбалык максаттар буюмдарды жана материалдарды алуу» беренесине жылдырылып толукталсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдетендирилсин.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |