Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 25-ноябры № 66
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорун колдоо жөнүндө.
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнө караштуу Газ, Согмент айылдарына түрткү берүүчү гранттын эсебинен курулуучу скважиналар (тик кудук) үчүн айыл өкмөтүнөн өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы токтом кылат:
1 Алтын-Бешик айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Газ, Согмент айылдарына скважина куруу долбоору 2026-жылдын түрткү берүүчү грантына сунушталсын.
2 Долбоорду ишке ашыруу үчүн Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен Газ айылына курулуучу скважинага 4000,0 миң сом, Согмент айылына курулуучу скважинага 4000,0 миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
3 Долбоорлордун тиешелүү иш кагаздарын даярдап ишке ашыруу жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |