Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 65
Кадамжай шаарынын аймагындагы балдар бакчаларынын аталышын мамлекеттик тилге өзгөртүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын шаардын аймагындагы балдар бакчаларынын аталышын мамленкеттик тилге өзгөртүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы балдар бакчаларынын аталыштары төмөнкүдөй болуп мамлекеттик тилге өзгөртүүгө макулдук берилсин:
- № 1 “Дюймовочка” – “Данек”;
- № 2 “Солнышко” - “Күн нуру”;
- № 4 “Улыбка” – “Жылмаюу”;
- № 7 “Росинка” – “Таң шоола”;
- “Ромашка-Кадамжай” – “Жомок”.
2. Аталыштарды өзгөртүүгө байланыштуу керектелүүчү чыгымдар мыйзамда белгиленген тартипте эсептелип,жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.Дастиров |