Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 66
Кадамжай шаарынын аймагындагы № 86 Кара-Жантак орто мектебине жана № 48 балдар бакчасынын от казандарына 6 даана вентилятор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын аймагындагы № 86 Кара-Жантак орто мектебине жана № 48 балдар бакчасынын от казандарына 6 даана вентилятор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директорунун милдетин аткаруучусунун сунушун угуп, талкуулап жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы № 86 Кара-Жантак орто мектебине жана № 48 балдар бакчасынын от казандарына 6 даана вентилятор орнотуу үчүн 21 000 (жыйырма бир миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.Дастиров |