Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 67
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджети 2025-жылдын 27-октябрына карата такталган киреше план тапшырма 968140,1 миң сомду түзөт, ал эми аткарылганы 97380,3 миң сомду түздү. 2025-жылдын биринчи кварталынын планын 3000,0 миң сом, экинчи кварталына 5717,9 миң сом, үчүнчү кварталына 9720,0 миң сом, жалпы 18437,9 миң сом жылдык планына өзгөртүү киргизилген. 2025-жылдын төртүнчү кварталына 10063,7 миң сом 12 айынын киреше бөлүгүнүн план тапшырмасына кошумча 11063,7 миң сом, жалпы 29501,6 миң сом, жылдык планына өзгөртүү киргизүү боюнча киреше салыгын көбөйтүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше салыгына төмөнкүдөй болуп өзгөртүүлөр киргизилсин:
11111100 “Салык агенти төлөөчү киреше салыгын” - 8500,0 миң сомго көбөйтүү.
11321200 “Айыл чарбасына жараксыз жерлеринен” – 36,3 миң сомго азайтуу.
11321300 “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин салыгын” -1100,0 миң сомго көбөйтүү.
14224200 “Таштандыларды ташуу жыйымына” – 100,0 миң сом көбөйтүү.
14221900 “Жыйымдар жана төлөмдөр классификациясынн элемт каралбаган төлөмдөр” – 400,0 миң сом көбөйтүү.
31412110 “Айыл чарбасына жараксыз башка жерлерди сатуу” -1000,0 миң сом көбөйтүү.
2 . Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.Дастиров |