Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 68
№7 “Таң шоола” балдар бакчасынын көмүр менен жылытуу системасына өткөүүгө акча каражатын ажыратып берүү жөнундө.
Кадамжай шаардык мэриясынын №7 “Таң шоола” балдар бакчасынын жылытуу системасын көмүр менен жылытууга өткөрүү боюнча сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынынкортундусунун негизинде,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын №7 “Таң шоола” балдар бакчасынын жылытуу системасын көмүр менен жылытууга өткөрүүгө жалпы суммасы 8 181 333 (сегиз миллион бир жүз сексен бир миң үч жүз отуз үч) сомду түзгөн сметалык долбоордун 3 181 333 сомдук өздүк салым үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
2 . Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.Дастиров |