Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 70
№1 “Данек” балдар бакчасын оңдоо иштерине акча каражатын ажыратып берүү жөнундө.
Кадамжай шаардык мэриясынын №1 “Данек” балдар бакчасын оңдоо иштери боюнча сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынынкортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын №1 “Данек” балдар бакчасын оңдоо иштерине жалпы суммасы 1 584 761 (бир миллион беш жүз сексен төрт миң жети жүз алтымыш бир ) сомду түзгөн сметалык долбоордун 284 761 сомдук өздүк салым үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
2 . Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.Дастиров |