Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 71
Кадамжай шаарынын борборундагы жол тыгындарын жоюу жана элдерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында 1988-жылдан бери курулушу бүтпөй токтоп калган оорукана имаратына райондук мекеме-ишканаларды жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын борборундагы жол тыгындарын жоюу жана элдерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында 1988-жылдан бери курулушу бүтпөй токтоп калган оорукана имаратына райондук мекеме-ишканаларды жылдыруугамакулдук берүү жөнүндө Кадамжай шаарынын вице-мэринин сунушун угуп, талкуулап жана шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын борборундагы жол тыгындарын жоюу жана элдерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында 1988-жылдан бери курулушу бүтпөй токтоп калган оорукана имаратына райондук мекеме-ишканаларды жылдыруугамакулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.Дастиров |