Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 8-декабры № 67
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджеттине өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 34 беренесини жетекчилике алып, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча бюджеттик комиссиянын кортундусун ылайык Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы токтом кылат:
1 Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн Баткен райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен таштанды ташуучу унаа (атайын техника) сатып алууга айыл өкмөттүн өздүк салымы катары «3111-имараттар жана курулуштар» беренесинин эсебинен 2500,0 миң сом акча каражаты «3312-» беренесине жылдырылып толукталсын.
2 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдетендирилсин.
3 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомду ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5 Ушул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |