Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 10-1/323 буйругу менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган
жерлеринин туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү боюнча
методикалык көрсөтмөлөр
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын асылдуулугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
1-бөлүм. Туздуу кыртыштардын жалпы мүнөздөмөлөрү
Солончак, солончактуу жана терең солончактуу кыртыштарда сууда эрүүчү зыяндуу туздардын камтылышы басымдуу болгондуктан, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жапа чегишине жана өлүшүнө алып келет. Шор кыртыштарда туздар кыртыш профилинин (0-30 см) жогорку катмарларында төмөнкүдөй өлчөмдө чогулат:
• сода туздануусунда 0,6% дан ашык;
• хлордуу тузданууда 1% дан ашык;
• сульфат туздануусунда 2% дан ашык.
Бирок бул туздар кандайдыр бир тереңдикте да топтолушу мүмкүн. Мисалы, туздуу кыртыштарда бирдей өлчөмдөгу жана бирдей туздар кыртыштын үстүндө эмес, тескерисинче, кыртыш профилинин бир метр чегинен тереңирээк жайгашат, ал эми солончактуу кыртыштарда туздар кыртыштын бардык профилинде азыраак өлчөмдө кездешет.
В. В. Докучаев атындагы кыртыш таануу институтунун (авторлору Н.И. Базилевич жана Е.И. Панкова) критерийлери боюнча туздуу катмардын калыңдыгы 5 смден кем эмес 2 метр тереңдиктин алкагында кездешсе, алар туздуу кыртыштардын катарына кирет. Туздуу катмардын жайгашуу тереңдиги 2 метрден ашкан кыртыштарды, же минералдашуусу жогору болгон (3 г/лден ашык) жер астындагы кара суулардын үстүндөгү кыртыштар потенциалдуу туздуу кыртыштарга кирет.
Туздуу кыртыштардын мелиоративдик потенциалын баалоодо кыртыштын химизмдик тиби, башкача айтканда, туздардын сапаттык курамы жана туздануу даражасы боюнча өзгөчө мааниге ээ. Туздуулуктун химизми жана даражасы туздуу кыртыштардын экологиялык маанисинен караганда абдан маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анткени алар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тузга чыдамдуулугун аныктайт (1-таблица).
Таблица 1. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тузга туруктуулугу | ||||
Тузга туруктуулугу | ||||
Жакшы | Орточо | Начар | ||
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү | ||||
Анар | Жүзүм | Алма, алмурут | ||
|
| Өрүк, шабдалы, кара өрүк | ||
Талаа өсүмдүктөрү | ||||
Кант кызылчасы | Буудай, арпа, таруу | Вика | ||
Кызыл кызылча | Сулу, күрүч | Буурчак | ||
Сорго | Күн карама | Капуста | ||
Рапс | Сабиз | Баклажан | ||
Пахта | Пияз | Картөшкө | ||
| Помидор, калемпир | Буурчактар | ||
| Ашкабак |
| ||
тоют өсүмдүктөрү | ||||
Канада тарак башы | Беде | Шалбаа түлкү куйругу | ||
Батыш буудайыгы | Ак кашка беде | Кызыл уй беде | ||
| Сары кашка беде | Ак уй беде | ||
| Судан чөбү |
| ||
| Көп жылдык кара кыяк |
| ||
| Топтолушкан ак сокто |
| ||
| Бийик бетеге |
| ||
| Кара буудай |
| ||
4. Кыртыштын туздануусунун типтери (химизми).
4.1. Туздуулуктун химизми суу тундурмасындагы аниондордун курамы жана алардын катышы, ошондой эле катиондордун курамы жана алардын катышы менен аныкталат.
4.2. Солончак жана туздуу кыртыштагы туздардын курамына негизинен төмөндөгүлөр кирет:
- катиондор: Na⁺, Mg²⁺, Ca²⁺;
- аниондор: Cl⁻, SO₄²⁻, CO₃²⁻, HCO₃⁻.
4.3. Катиондордун катышына жараша төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- натрийлүү,
- магний-натрийлүү,
- кальций-натрийлүү жана башка солончактардын типтери.
Аниондордун катышына жараша төмөнкүчө бөлүнөт:
- хлориддүү,
- сульфаттуу,
- хлорид-сульфаттуу жана солончактардын башка типтери.
4.4. Азыркы учурда туздардын экологияга тийгизген таасири кыртыштын мелиоративдик мүнөздөмөлөрүнүн милдеттүү элементи болгон уулуу иондордун курамына жараша бааланат.
5. Туздардын жана иондордун зыяндуулугу