САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 3-декабры № 92
Кулан массивинде өрт кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысынын билдирүүсун угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
- 2025-жылдын 25-ноябрь куну өрт кырсыгнан Кулан массивиндеги үйү өрттөлүп кеткен Пулодов Малик Бабоевичтин үй-бүлөсүнө жергиликтүү бюджеттин 2215- ”Түрдүү чыгымдар” беренесинен 200,0 (эки жүз) миң сом суммасындагы материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берилсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысы К.Масалиевага тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.