Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 3-декабры № 94
“Самаркандек-Сервис” муниципалдык ишканасынын
Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы Рахман у. Т. билдирүүсун угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн алдындагы “Самаркандек-Сервис” муниципалдык ишканасынынУставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Самаркандек-Сервис” муниципалдык ишканасынын Уставынын 15-пунктунун 4-пунктчасы “ 4) айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги базарды иштетүү, сатып алуучуларга жана соодагерлерге тийиштүү соода жайларын уюштуруп берүү, жаңы соода түйундөрүн ачуу, калкка кызмат көрсөтүү иштерин жүргүзүү” деп окулсун.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман уулу Т. тарабынан жетекчиликкее алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысы К.Масалиевага тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: |
Ш.Гапаров |