Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 3-декабры № 95
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2025-жылдын
25-июнундагы кезексиз VII сессиясынын №57 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20-беренесинин 11-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” №150 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 7-беренесинин 22-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №665 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №665 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №597 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин, “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 20-июнундагы №01-13/1977 сандуу маалыматынын жана Самаркандек айыл өкмөтүнун жерге жайгаштыруу бөлүмунүн адиси Карабаев Ж. берген маалыматынын негизинде Самаркандек айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Паскы-Арык айылынын тургуну Алиев Гуламидин Элчибековичтин арызы боюнча Паскы-Арык айылынын түндүк тарабынан №547 контурундагы айыл чарба жерлери категориясынын башка жерлер түрундөгү 0,11 га жер аянтын жана № 552 контурундагы айыл чарба жерлери категориясынын жайыт жерлер түрүндөгү 0,19 га жер аянтын, жалпы 0,30 га жер аянтын курулуш куруу үчүн “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Аталган жер участогун Жер кодексинин талабына ылайык мыйзамдаштыруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2025-жылдын 25-июнундагы кезексиз VII сессиясынын №57 токтому жокко чыгарылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: |
Ш.Гапаров |