Редакцияот 19.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХII-сессиясы

2022-жылдын 19-сентябрындагы № 36

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Жубаз” ишканаларынын сугат сууга болгон салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Жубаз” ишканаларынын сугат сууга болгон салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө 05.09.2022-жылдагы “Алтын-Көл-Бахмал” суу пайдалануучулар бирикмесинин жыйынын негизинде, Дөң-Булак айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап, токтом кыламын:

 

1. “Алтын-Көл-Бахмал” суу пайдалануучулар бирикмесинин Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат сууну пайдалануучу Ак-жубаз ишканалары пайдалануучу сугат сууга жылына 5,0 миң сом эсебинде салык төлөмдөрүн төлөө жагы бекитилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов