Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим
берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо
шарттарында түзүү жана аткаруу
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча ыйгарым укуктарды чектөө
3-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бюджетин түзүү
4-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бюджетин аткаруу жана тактоо
5-глава. Казыналыкта эсептери бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоонун өзгөчөлүктөрү
6-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү жана аткаруу тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан, ошондой эле балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен үлүштүк каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (мындан ары - МБУ) чыгымдарынын сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
2-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын
каржылоо боюнча ыйгарым укуктарды чектөө
3. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МБУну ченемдик каржылоо шарттарында каржылоо Кыргыз Республикасынын МБУнун кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдеринин (мындан ары - ченем) негизинде жүргүзүлөт.
4. МБУнун мамлекеттик билим берүү стандартын каржылоо бекитилген тарификациялык тизмелерге жана штаттык расписаниелерге ылайык эмгек акы төлөө фонду боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүргүзүлөт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдарды иш жүзүндөгү муктаждыктын жана айына бир балага/топко МБУнун инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоо чыгымдарын каржылоонун ченемдеринин көлөмүндө каржылайт. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга чыгымдар баланын топто болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша айына бир балага/топко МБУнун билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо ченемдеринин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
6. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин негизинде балдардын тамак-ашын кошо каржылоого, ошондой эле калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдарды даректүү негизде тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.
7. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен баланы багуу, тамактануу үчүн акы төлөө ченемдери боюнча чыгымдар каржыланат.
8. Тамактануу үчүн акы төлөө Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.
9. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) баланы багууга, тамактануу үчүн акы төлөөгө каражаттары төмөнкү атайын эсептерде эсепке алынат:
- казыналыкта эсептери бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын.
3-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын
бюджетин түзүү
§ 1. Республикалык бюджеттин каражаттарынан
мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын
чыгымдарын түзүү
10. Иштеп жаткан МБУлар тиешелүү окуу жылынын 1-сентябрына жана келерки жылдын 1-январына карата балдардын тизме боюнча саны, топтордун саны жөнүндө маалыматтарды баланын болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша бөлүү менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) берет.
11. Аймактык бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмү менен иштеп жаткан МБУларда жаңы топторду комплекттөөнү макулдашат.
12. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги МБУнун кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондуна республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын райондору боюнча иштеп жаткан жана жаңы МБУлардын мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого болгон муктаждыкты эсептейт.
14. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине район (шаар) боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына болгон суммалык муктаждыкты берет. МБУнун эмгек акы төлөө фондун туура түзүү үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү алат.
15. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине келерки жылга бюджеттик каржылоонун жалпы контролдук көрсөткүчтөрүн билдирет.
16. Келерки жылга республикалык бюджеттин бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 70911 функционалдык классификациясы боюнча аймактык бөлүмдөрдүн сметалары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан бекитилет.
17. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген эсептөөлөрдүн негизинде республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максаттуу трансферттер аркылуу каржылануучу (Баткен облусунан тышкары) жаңы МБУлардын эмгек акы төлөө фондуна каражаттарды бөлүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун демилгелеши мүмкүн жана трансферттерди бөлүү боюнча мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине макулдашууга берет.
18. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер аркылуу жаңы МБУлардын эмгек акы төлөө фондуна каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
19. Аймактык бөлүмдөр ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык баланын топто болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша жана топтордун саны боюнча айына бир топко МБУ боюнча муктаждыкты эсептейт.
§ 2. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан мектепке
чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын
түзүү
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө учурдагы жылдын 1-сентябрына чейин эмгек акы төлөө фондуна баланын болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша бөлүү менен жаңы МБУлардын ачылгандыгына жараша балдардын тизме боюнча саны, топтордун саны жөнүндө маалыматтарды берет.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын райондору боюнча иштеп жаткан жана жаңы МБУлардын мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн баланын топто болуу узактыгына (3 саат, 10 саат жана 24 саат) жараша жана топтордун саны боюнча айына бир топко педогогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну каржылоо ченемдеринин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттары менен каржылоо муктаждыгын төмөнкү формула боюнча эсептейт:
, |