Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бурана айылдык кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын  отуруму

 

2024-жылдын 9-февралындагы № 1

  

Дөӊ-Арык айылына ФАП курууга өздүк салымдан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын  34-беренесине  ылайык,2024-жылга  жергиликтүү бюджетте калган 7743523 миӊ сом калдыктын эсебинен Тиричилик чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине Дөӊ-Арык айылына ФАП курууга  2200,0 (эки миллион эки жүз миӊ) сом акча каражатын бекитүү боюнча Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1.    Тиричилик чарба бөлүмү:         

Башка курулуштарды куруу                       3111                 2200,0 м.сом

 

2. Бул токтомдун аткарылышын  ФЭО башчысынын милдетин у.а. Г.Иманакуновага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет комитетине  жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А.Б.Исагалиев