Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бурана айылдык кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын  отуруму

 

2024-жылдын 9-февралындагы № 2

 

Бурана айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана  чыгаша бөлүктөрүн  бекитүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу” мыйзамынын  2021-жылдын 20- октябрындагы  №123 токтому менен бекитилген “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын  31-беренесине ылайык, 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

            1. Бурана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети атайын эсепти жана теӊделүүчү грантты кошкондо 2024-жылга 23642,1 миӊ сом  бекитилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүн 2024-жылда каржылоодо биринчилерден  корголгон беренелер (айлык маяналар,социалдык фондко чегерүүлөр,бала бакчанын тамак-ашы).Андан тышкары коммуналдык тейлөөлөр боюнча электр энергиясынын бекитилген чегин сактоо жагы көзөмөлгө алынсын жана көмүр сатып алуу,андан тышкары карыздарды төлөө каралсын.

3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калса же ашыгы менен аткарылса райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен айылдык кеӊештин отурумунда каралып, киреше жана чыгаша бөлүмүнө оӊдоп,түзөө киргизилсин.

4. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоодо,айыл өкмөттөн муктаждыгына байланыштуу бөлүмдөн бөлүмгө,беренеден беренеге райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен айылдык кеӊештин отурумунда  каралып,чейректен чейреке,бөлүмдөн бөлүмгө,беренеден беренеге жылдырылып берилсин.

5. Бурана айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин у.а. (Г.Иманакунова);

-Бурана айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде,экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда,Кыргыз Республикасынын Финансы  министирлиги менен 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн.

 - Жергиликтүү бюджеттин аткаруунун жүрүшүндө жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгын жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оӊдоп-түзөөгө уруксат берилсин;

6. Бурана айыл өкмөтү боюнча киреше боюнча жетектөөчү  адис (Куланбаева Б.Ч.) тарабынан:

-        Экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;

-        Салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;

-        Жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр карыздарын кыскартуу  боюнча иштер күчөтүлсүн;

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык Бурана айыл өкмөтү тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (электр энергиясы,байланыш кызаттары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу сакталсын.

8. Бурана айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Бурана айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин у.а (Н.Келгенбаевага) жүктөлсүн.

9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Бурана  айылдык кеӊешинин экономика,бюджет,каржы,салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

10. Ушул токтомдун расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Респбуликасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө  мамлекеттик тилде жарыялансын.

11. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

 

А.Б.Исагалиев