БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бурана айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму
2024-жылдын 9-февралындагы № 3
Бурана айыл аймагынын Дөӊ-Арык,Мээнеткеч,Бурана,Алга айылдарына генералдык планына схемалык өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1999-жылдын 2-июнундагы күчүнө киргизилген №46 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бурана айыл аймагынын Дөӊ-Арык айылында жайгашкан Сейдакмат,Зарыл,Мамбетказы,Калча,Курмашев Калбай,Мукамий,Асмаалы,Кудаяров Ырысбек,Буудайбек Сабыр уулу көчөлөрүнө, андан тышкары Бурана айылындагы Байтик ,Чалдаӊбай Ата,Жекшен,К.Ишеналиев жана Алга айылындагы Мисирбек,Шейшен Төлөмүш,Ынтымак Биримдик, Мээнеткеч айылынын Достук,Бурана,Манап Бий, Жансеитов Керим,Ниязбек,Алиаскар,Масалы,Сагыналы Ата жана Ысык-Ата көчөлөрүнүн генералдык планына схемалык өзгөртүү киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин у.а. Н.Келгенбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Б.Исагалиев |