Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бурана айылдык кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын  отуруму

 

2024-жылдын 9-февралындагы № 4

Бурана айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн иш пландарын бекитүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын  34-беренесинин 3-пунктуна  ылайык,Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

1. 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн иш пландары боюнча өзгөртүү киргизип, талкуулап Бурана айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү  иш планы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы   айыл өкмөттүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Н.Келгенбаевага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин  туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.

Төрага

 

А.Б.Исагалиев