ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХV-сессиясы
2023-жылдын 13-январындагы № 45
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап, жалпы элдик жыйынынын 10-январь 2023-жылдагы протоколун аткаруу максатында балдар бакчасын ачуу боюнча токтомун бекитүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап жана 2023-жылдын 10-январындагы жалпы элдик жыйындын №1 протоколу менен таанышып, айыл башчынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, токтом кыламын:
1. Өзгөрүш айылындагы көптөгөн үй-бүлөөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. Өзгөрүш айылында 90 орундуу (3 тайпага ылайык) балдар бакчасы ачылсын.
2. Өзгөрүш айылындагы балдар бакчасынын тамак ашына калькуляцияга ылайык ар бир айга ата-эненин эсебинен 700-1000 сомдон акча каражаты төлөнсүн.
3. Өзгөрүш айылынын балдар бакчасынын жетекчиси болуп Кайназарова Инаватхан бекитилсин.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон балдар бакчасынын ремонтун, электр жарыгын, отун-көмүр менен камсыздоо жагы жүктөлсүн.
5. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнөн сан.эпидстанция, өрт копсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
6. Суралсын райондук финансы бөлүмүнөн Өзгөрүш айылынын балдар бакчасынын стабилдүү иштеп кетиши үчүн мамлекеттик бюджетке өткөрүп берүү жагы.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |