Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бурана айылдык кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын  отуруму

 

2024-жылдын 9-февралындагы № 10

Бурана айыл аймагы боюнча К-3 зоналык коэффициентинин калктуу конуштун экономикалык- пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын салык кодексинин  404-беренесинин 4 пунктун жана 388-беренесинин 1-бөлүмүн жетекчиликке алуу менен жана Мамлекеттик салык кызматынын Чүй району боюнча башкармалыгынан 2024-жылдын 08-февралындагы №013/15-1/54  катынын негизинде,Бурана айылдык кенеши токтом кылат:

ТОКТОМ

  1.Бурана айыл аймагынын  К-З зоналык коэффициентинин калктуу конуштун  экономикалык-пландоо  зоналарынын  өзгөчөлүктөрүнө жараша өлчөмү 1,0 коэффценти болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бурана айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин у.а. Н.Келгенбаевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бурана айылдык кенешинин  экономика,бюджет,салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А.Б.Исагалиев