Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХV-сессиясы

2023-жылдын 13-январындагы № 46

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) Уставын каттоо жөнүндө

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын Аткаруу комитетинин төрагасы М.Чекировдун (КАИА нын АК) билдирүүсүнүн негизинде Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) Конферециясынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №1 протоколу менен кабыл алынган КАИАнын Уставын талкуулап, токтом кыламын:

 

1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) Уставы Дөң-Булак айылдык кеңешинде каттоого алынсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Инашовага жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов