Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХV-сессиясы

2023-жылдын 13-январындагы № 47

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчигине каттоого алуу жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы жер аянтын Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 жер кодексинин 25-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчигине каттоого алуу максатында, токтом кыламын:

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы -500- м.кв. жер аянты айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчигине каттоого алынсын.

 

2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы -500- м.кв. мамлекеттик жер аянты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.

 

3. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, мамлекеттик менчигине каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгынан суралсын.

 

4. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси А.Абдумаликовго тапшырылсын жана бекитип берүү жагы Өзгөн райондук админстрациясынан суралсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов