Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-октябры № 41/XI-30
"Акча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-октябрындагы №13 отурумунун протоколуна ылайык Кең-Булуң айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөрүүлөр -16 000 000 (он алты миллион) сомго көбөйтүү
1. Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү -70629: -3111 б. -3112-б. көчөлөрдү асфальттоодон - автокран сатып алууга - 5 510 000 (беш миллион беш жүз он миң) сом.
-Жолдорду капиталдык оңдоодон -3111-б. Көчөлөрдү жарыктандырууга -1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. - Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнөн: -3111 б. - 330000 (үч жүз отуз миң) сом мектеп бөлүмүнө -3112 б. №3 башталгыч мектебине контейнер сатып алууга.
- Мектептер үчүн интерактивдүү панелдерди сатып алууга - 3112-мектеп бөлүмүнѳн – 3112 б. - 8 960 000 (сегиз миллион тогуз жүз алтымыш миң) сом.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигине жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.С. Мурсалиев |