ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVI-сессиясы
2023-жылдын 07-мартындагы № 50
Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн 2023-жылдын 08-февралындагы №11-242-23 сандуу талабын кароо жөнүндө
Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2023-жылдын 08-февралындагы №11-242-23 сандуу катында көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Өзгөн техникалык сервис”ишканасынын жер аянтын айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине каттоого алуу” жөнүндөгү сунушунун негизинде токтом кыламын:
1. Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2023-жылдын 08-февралындагы “Өзгөн техникалык сервис”ишканасынын жер аянтын айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине каттоого алуу жөнүндөгү №11-242-23 сандуу сунуштамасы аткарууга алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Өзгөн техникалык сервис”ишканасынын 11400 м.кв. жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
3. “Өзгөн техникалык сервис”ишканасына 916 169 сом акча каражатын айыл өкмөтүнө төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Айылдык кенешинен чыккан токтомдун мыйзамдуулугун жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |