Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/1 Кара-Суу шаары
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №6 протоколдук чечими жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №6 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы №01-13/4403, 25-сентябрындагы №01-13/4434, 25-сентябрындагы №01-13/4444 сандуу каттарын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №6 протоколдук чечими төмөндөгүдөй толуктоолор жана кошумчалар менен бекитилсин.
2.Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралында №3/2 сандуу токтому менен бекитилген Юбилейный кичи шаарчасына бөлүнгөн 2 700 000 сом, Коңурат айылына резервуар үчүн 800 000 сом, Присавай айылына резервуар үчүн 800 000 сом, Советский көчөсүнө асфальт төшөө үчүн бөлүнгөн 2 млн сом жана 2025-жылдын 23-сентябрына карата үнөмдөлгөн 800 000 сом акча каражаты, 2025-жылдын 23-апрелинде №6/5 сандуу токтому менен бекитилген Боз үй сатып алуу үчүн бөлүнгөн 1 200 000 сом акча каражаты, 2025-жылдын 6-февралында №3/2 сандуу токтому менен бекитилген спорт бөлүмүнүн 2211 беренесинен 500 000 сом жалпы 8 800 000 сом акча каражаттары төмөнкү иштерге өзгөртүлсүн.
1.Мектептерге генераторлорго 900 000
2.Туя өсүмдүктөрүн жылдыруу ММБДнин эсебине 300 000
3.Тазалык ишканасына 1 000 000
4. Соттук төлөмдөргө 4 800 000
5. Хакимов көчөсүнө трансформаторду оңдоп түзөө иштерине 100 000
6. Тазалык ишканасына ар түрдүү чыгымдар беренесине 500 000
7. Маданият үйүнө 100 000
8. Жылуулук ишканасына 550 000
9. ММБДнин ар түрдүү чыгымдар беренесине 50 000
10. Газпром балдардын ден- соолугун чыңдоо борборунун имаратын оңдоп түзөө иштерине ММБДнин курулуштар беренесине 300 000
11. Кара-Суу шаар мэриясына отургуч сатып алуу үчүн 200 000
3.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |