Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/2 Кара-Суу шаары
Декоративдүү туя өсүмдүктөрдү жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы №01-13/4464 сандуу катын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №6 протоколдук чечими угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаар аймагында Ош- Кара-Суу автоунаа жолу долбоорго ылайык төрт тилкелүү жол болуп кеңейтилип, эки капталына жөө жүргүнчүлөр жолу, велосипед жолдору, жарыктандыруу курулуп жаткандыгына байланыштуу жол жээгиндеги долбоорго түшкөн декоративдүү туя өсүмдүктөрүн башка жакка жылдырып эгүүгө макулдук берилсин.
2.Кара-Суу шаар мэриясы декоративдүү туя өсүмдүктөрүн жылдырып эгүү үчүн тиешелүү иштерди алып барсын.
3.Көп жылдык декоративдүү туя өсүмдүктөр куурап калбоо максатында тийиштүү иш аракеттер көрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |