Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/3 Кара-Суу шаары
Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп жаткан акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы №01-13/4403 сандуу катын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №6 протоколдук чечими угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан сунушталып жаткан төмөнкү иштерге макулдук берилсин.
1.Юбилейный конушуна тротуар, балдар ойноочу аянтча жана атайын отургучтар жасоо долбооруна.
2.Манас стадионунун курулушуна автордук көзөмөл үчүн долбооруна.
3.Шаар аймагына көчмө гүл чамбарларын уюштуруу долбооруна.
2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, долбоорду аягына чыгаруу, акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |