Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/6
“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамы жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу боюнча 2014-жылдын 19-февралындагы №6/3 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |