Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/8
Кара-Суу шаарынын Нариман көчөсүн Тургунов Хабибулло көчөсүнө өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрь №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаарындагы Нариман көчөнүн аты шаарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген, “Тургунов Хабибулло” атындагы көчө деп атоого тиешелүү иш кагаздары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2.Кара-Суу шаарындагы Нариман көчөнүн жашоочулары менен жолугушуу уюштуруу аркылуу көчөнүн аты өзгөртүлүп жаткандыгы боюнча жеринде тиешелүү иштер алып барылсын.
3.“Тургунов Хабибулло” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөртүлүнгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Тургунов Хабибуллонун үй-бүлөө мүчөлөрүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |