Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/10
Кара-Суу шаарындагы Ак-Өргө айылындагы 2-көчөгө Жусуп Абдрахманов ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрь №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаарындагы Ак-Өргө айылындагы 2-көчөгө аты мамлекетибизге көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген, “Жусуп Абдрахманов” көчөсү деп атоого тиешелүү иш кагаздары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2.Кара-Суу шаарындагы Ак-Өргө айылындагы 2-көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушуу уюштуруу аркылуу көчөнүн аты өзгөртүлүп жаткандыгы боюнча жеринде тиешелүү иштер алып барылсын.
3.“Жусуп Абдрахманов” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөртүлүнгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн жашоочуларына тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |