Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/11
Кара-Суу шаарынын Биримдик айылындагы №131 негизги мектебине класстарды ачууга макулдук берүү жөнүндө
2025-жылдын 16-сентябрында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү №131 негизги мектебинин сураныч катын, Кара-Суу шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-сентябрь №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаарындагы №131 негизги мектебине класстарды ачууга макулдук берилсин.
2.Кара-Суу шаарындагы №131 негизги мектебине класстарды ачууда шаар мэриясы жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү мыйзам чегинде тиешелүү иштерди алып барсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |