Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/12
Кара-Суу шаарындагы Юбилейный кичи шаарчасындагы муниципалдык жер тилкелерине макулдук берүү жөнүнө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 16-сентябрь №01-12/4302 сандуу катын , Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрь №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Юбилейный кичи шаарчасындагы төмөндөгү жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
- 280,0 м2 административдик багыттагы жер аянты
- 72,0 м2 нан цех багыттагы жер аянты
- 598,0 м2 бош жер аянты
2.Кара-Суу шаар мэриясы Юбилейный конушундагы төмөндөгү жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алууга тиешелүү иштерди алып барсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |