Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/13
Сарай айылдык кеңешинен чыккан токтомдорго шаар атынан жаңылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, Сарай айылдык кеңешинен чыккан токтомдорду шаардык кеңеш угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Сарай айылдык кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-сентябрындагы кезектеги XXI сессиясынын №2, 3 сандуу токтому жаңыланып чыгарылсын.
2.Кара-Суу шаар мэриясы Присавай айылы Биримдик айылы деп, Киров айылы Сарай айылы деп атоо жөнүндө тиешелүү иштерди алып барсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |