Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябры № 12/1
“VI Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Кара-Суу шаарында жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы чыгыш №20-10441 сандуу Кезектеги VI Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколдук чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикинин 2025-жылдын 1-октябрь №01-13/904 сандуу катынын, Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 7-октябрь №01-20/4586 сандуу катынын негизинде, Кара-Суу шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 61-62-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылат:
1.VI Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кара-Суу шаарындагы өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында саат 14:00дө шаардагы маданият үйүндө уюштурулуп өткөрүлсүн.
2.Кара-Суу шаарында Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана бекитилген иш-чаралар планына ылайык тийиштүү иш алып барылсын.
3.Кара-Суу шаарында өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо үчүн шаар аймагында жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү графиги өткөрүүгө жооптуу депутаттар №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Кара-Суу шаарындагы өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында саат 14:00дө өтүүчү жыйынга квота боюнча 150 катышуучунун санынын шаар боюнча бөлүнүшү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин
.5.Кара-Суу шаарында VI Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Кара-Суу шаарында VI Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ жана шаардык кеңештин жооптуу депутаттары шаар аймагында өтүүчү жыйындарды өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылышсын.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |