Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябры № 12/2
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 6-февраль №3/5 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелерин, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 26-сентябрь № 1-44-1936-25 сандуу ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама катын, Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын №8 протоколдук чечиминин угуп жана талкуулап, шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 26-сентябрь № 1-44-1936-25 сандуу ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама катынын, Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын №8 протоколдук чечиминин негизинде Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы “Шаар аймагындагы мунапыска кирген жер участокторунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №3/5 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |